Тайванда жигит өлүм алдында жаткан кызына үйлөндү. Сүрөт

Эки жаш 11 жыл бою сүйлөшүп келишкен. Быйыл август айында кыз жол кырсыгына кабылган. Жолдун туура эмес жеринен бурулган машина кыздын мотоциклин коюп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Тайванда жигит сүйлөшкөн кызынын мээси токтоп калганы аныкталгандан кийин ага үйлөндү. Бул тууралуу AsiaOne басылмасы жазды.

Ага ылайык, эки жаш 11 жыл бою сүйлөшүп келишкен. Быйыл август айында кыз жол кырсыгына кабылып, жолдун туура эмес жеринен бурулган машина анын мотоциклин коюп кеткен.

Казакстанда 15 жаштагы өспүрүмдөр үйлөндү
Кырсыктан үч күндөн кийин дарыгерлер кыздын мээси токтоп калганын билдиришкен, бирок анын өмүрү жасалма жол менен кармалып турган.

Жигит кызына палатанын ичинен эле үйлөнүүнү чечкен. Ал эс-учун билбей палатада жаткан кызына фата кийгизип, колуна шакек таккан. Салтанат аяктагандан кийин кызга туташтырылган жасалма дем алдыруу аппараты өчүрүлгөн.

Ал эми кыздын жакындары анын органдарын башка муктаж кишилерге трансплантациялоого уруксат беришкен.