Женнифер Лопес балкондон кулап кете жаздады. Видео

Жылдыз балкондон күйөрмандарына кол булгалап жатып, кулап кете жаздады. Бул ирмемдерди күбө видеого тартып алган.
Sputnik

Америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес өзү катышкан "Стриптиз бийчилери" тасмасынын бет ачарында балкондо туруп элге кол булгалап жатып, аз жерден кулап кете жаздады. Бул тууралуу Sputnik International жазды.

50 жаштагы Женифер Лопес сулуулугунун сырын ачты
Окуя Торонто шаарындагы эл аралык кинофестиваль учурунда болду.

Кадрларда көрүнүп тургандай, ырчы ордунан туруп, күйөрмандары менен учурашып жатып чалынып кетет. Бирок балкондун четин кармап калууга үлгүрөт. Көз ирмемден кийин ал түздөнүп тура калып, кайрадан элди карайт.

Видеонун алдына "коопсуздук үчүн уюштуруучулар балкондун кармоочторун бийигирээк кылып койсо болмок" деген пикирлер жазылды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.