Чаң ызгыган трасса, түтөгөн дөңгөлөктөр… Токмоктогу дрифт таймашынан сүрөттөр

Sputnik

Өткөн дем алыш күнү, 8-сентябрда, Токмок шаарынын Кызыл Аскер айылында автожарыш өттү. 10 спорттук айдоочу дрифттин эки түрү боюнча күч сынашып, үчөө "стрит" бөлүгүндө бир-бирден спорттук унааларын кайытса, "про" түрү боюнча жуптук жарышууда жети айдоочу ат салышты.

Картинг боюнча Россиянын чемпионатында 16 жаштагы Улукбек алдыңкы ондукка кирди
Иш-чаранын жыйынтыгында дрифттин "стрит" түрү боюнча Артур Праздников жеңүүчү аталды. Ал эми "про" жарышында Игорь Гусев мыкты жыйынтык көрсөттү. Аларга колго жасалган кубоктор жана башка сыйлыктар ыйгарылды.

Спорттук иш-чараны дрифттин "Стрит" түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону Гайрат Юсупов уюштуруп, максаты Кыргызстанда автожарыштын бул түрүн өнүктүрүү экенин айтып берди.

"Бизге мамлекет сапаттуу асфальт төшөлгөн, спортчулар менен көрүүчүлөргө коопсуз автодром салып бербей жатат. Өзүбүз инвесторлорду чакырып, жарышчу тилке салдыралы десек жер беришпейт. Бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылуу жөнөттүк, майнап чыкпай жатат", — деди Юсупов.

Ал Токмоктогу автожарышта кырсык катталбаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 21-июнда ордо калаанын чок ортосунда Gradus Cup аталышындагы чемпионат баштала элек жатып, Toyota Mark II үлгүсүндөгү спорттук унаа көрүүчүлөрдү карай аралап кирип кеткен болчу. Бул кырсыкта беш адам жабыркап, Кытайдын эки жараны ооруканага жаткырылган эле.

1 / 11
Токмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган.
2 / 11
Дрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды
3 / 11
Спорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты
4 / 11
BMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат
5 / 11
Дагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат.
6 / 11
Автокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
7 / 11
Дрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат.
8 / 11
Спортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды
9 / 11
Дрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту.
10 / 11
Асманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы.
11 / 11
Финалда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды.