"Нурсултан деп атайлы". Назарбаев өзгөчө сунушу менен Путинди күлдүрдү

Путин "Байтерек" космостук ракеталык комплексине "Нурсултан" деген аталыш берүүнү сунуштаган, бирок Элбашы андан да өзгөчө ой айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин "Байтерек" космостук ракеталык комплексине Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Астана шаары эми Нурсултан деп аталмай болду
Назарбаев ишемби күнү Москва шаарынын күнүнө арналган салтанатка катышуу үчүн Россияга барган. Сапардын алкагында Путин экөө ВДНХдагы "Казакстан" павильонун көрүшкөн.

Экскурсия убагында Роскосмостун башчысы Дмитрий Рогозин менен Казакстандын санариптештирүүнү өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Аскар Жумагалиев комплекстин курулушу боюнча маалымат беришкен.

Андан соң Путин комплекске эмнеге "Байтерек" деген аталыш берилгенин сураган. Назарбаев анын маанисин түшүндүрүп, байтерекке байланыштуу уламышты да айтып берген.

"Келиңиз, аны "Нурсултан" деп атайлы. Бул долбоорду сиз жасадыңыз да", — деп сунуштады Путин.

Анда Назарбаев долбоор Россия менен Казакстандын өнөктөштүгү алкагында ишке ашып жатканын белгилеп, ага башкача аталыш ыйгарууну айтты.

"Нурсултан" — жок. Мындан башкача ат бериңиз. "Назарбаев" деп атаңыз", — деп жооп берген Элбашы.

Муну уккан Путин "макул, келиштик" деп жылмайган.

Алия Назарбаевага атасынын аты ыйгарылган гүл белек кылышты. Сүрөт
Алардын жанында турган премьер-министр Дмитрий Медведев мындай аталышты алгандан кийин долбоорду сапаттуу жасоо керектигин белгиледи.

Казакстан менен Россия 2018-жылдын 22-августунда Байконурга жаңы "Байтерек" комплексин куруу боюнча келишимге кол койгон. Негизи бул долбоор 2004-жылы демилгеленген болчу. Космостук ракеталык комплекс "Союз 5" ракеталарын учурууга ылайыкташкан. 2022-жылы ишке берилери пландалууда.