Малайзиянын мурдагы падышасы россиялык сулууга үйлөнгөнүнө өкүнүп калды

Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык модель Оксана Воеводинага 2018-жылдын ноябрь айында баш кошкон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V "Москва сулуусу — 2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводинага үйлөнгөнүнө өкүнүп калганын айтты. Бул тууралуу New Straits Times гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Жеке жашоомдо элимди дүрбөлөңгө салган окуялар болуп кеткенине өкүнөм. Ошондой эле мен тууралуу интернетке тарап кеткен туура эмес маалыматтарга ишенбегиле деп чакырар элем", — деген Мухаммад V.

Елизавета II келини Меган Марклга дагы эскертүү берди
Эске салсак, Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык модель Оксана Воеводинага 2018-жылдын ноябрь айында баш кошкон. Бирок ал чет элдик кыз менен никеге турганына бир жарым ай болгондо падышалыктан баш тарткан. Айрым маалыматтарга караганда, буга аны министрлер кабинети мажбурлаган.

Быйылкы жылдын апрель айында россиялык сулуу ислам динин кабыл алып, атын Рихана деп өзгөрткөн. Бирок жубайлар жай айларында ажырашып кеткен. Учурда экөө тең эмне себептен кол үзүшкөнүн ачык айта элек. Бирок айрым ЖМКлар Оксана Воеводина күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүргөнү билинип калган соң ажырашканын жазып чыгышкан.