Кирилл Вышинский Москвага келди

Киевдин апелляциялык соту Вышинскийди 28-августта камактан бошоткон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Соттун чечими менен Украинадан бошотулган "РИА Новости Украина" порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский Москвага келди.

РИА Новости агенттигинин жазышынча, Вышинский Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүнүн алкагында бошотулган башка кишилер менен чогуу учуп келген.

Украинанын соту Кирилл Вышинскийди бошотту
Вышинский аны аэропорттон тосуп алган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн жакшы сезип жатканын айткан.

Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, "РИА Новости Украина" агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 2018-жылы 15-май күнү колго түшүрүп, мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Херсон соту ошол эле жылы аны 17-майда камакка алуу чечимин чыгарган. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге басма сөз өкүлдөрүн басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган нота жиберген.

Кийин 2019-жылы 28-августта Киевдин апелляциялык соту аны камактан бошоткон.