Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Буга чейин депутат Насыр Мусаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, орду бош калган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бектен Сыдыгалиевге мандат берди. Ал Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясына жаңы депутат болуп келди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин депутат Насыр Мусаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен болчу.