Лак, боёк, дезодорант... Оору чакырган тиричилик каражаттарынын тизмеси

Адистер тиричилик каражаттарынын көбү рак оорусун чакырарын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Турмуш-тиричиликте кеңири колдонулуп жүргөн буюмдар ден соолукка өтө кооптуу, жада калса өлүмгө алып келчү ооруларга кептейт. Бул тууралуу "Известия" адистерге таянуу менен жазды.

Дарыгерлер сүттүн зыяндуу жактарын айтып берди
Биринчи орунда дезодоранттар турат. Алардын курамында зыяндуу делген парабен заттары бар. Татуировка жана чач үчүн боёктор теринин жана эмчек бездеринин рагына алып келиши ыктымал.

Ошондой эле тырмак лактарынын курамындагы толуол, формальдегид жана дибутилфталат химикаттары уулуу болуп эсептелет.

Мындан тышкары, адистер пластик жана тефлон капталган идиштердин кооптуулугу тууралуу коңгуроо какты. Тефлондун курамындагы заттар ракка алып келет. Пластик идишти ысытканда, андан бисфенол-А бөлүнүп чыгып, ал дагы онкологиялык ооруга кептей турганы айтылат.

Маалыматта курулуш материалдарындагы радон жана асбест өпкө рагын чакырары белгиленет.