Путин: Батыштын доору бүтүп баратат

Президент G7 уюмуна болгон мамилеси жана РФ алар менен кызматташууга даярбы деген суроолорго жооп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Владимир Путин Батыштын лидерлиги аяктап баратканы баарына эле айкын болуп турганын, ал эми эффективдүү эл аралык уюмду Кытай менен Индиянын катышуусуз элестетүү кыйын экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

"Баарына эле түшүнүктүү болуп калды көрүнөт, Франциянын президенти Эммануэль Макрон да Батыштын лидерлиги аяктап баратканын жакында эле айтты", — деген пикирин Путин Чыгыш экономикалык форумдун пленардык жыйынында билдирди.

Өнөктөштүк жөнгө салынган. Путин кыргызстандыктарды жана Жээнбековду куттуктады
Ал ошондой эле Россия "Чоң жетилик" менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. Андан сырткары, пикир алышуудан пайда гана болорун айтты.

Бешинчи жолу уюштурулуп жаткан Чыгыш экономикалык форуму 4-6-сентябрда Владивостокто өтүп жатат.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги — форумдун башкы маалымат өнөктөшү.