Былтыр Кыргызстанда 20 млрд. сомдук салык чогулбай калган

Салык кызматы кайсы жеңилдиктерден улам акча чогулбай калганын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Былтыр мамлекеттик бюджетке киргизилген жеңилдиктерден улам 20 миллиард сомдук салык чогулбай калган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы "2020-2022-жылдарга карата салык чогултуу" долбоорун сунуштап жатканда белгилүү болду.

Маалымат 2020-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2021-2022-жылга карата божомолу боюнча долбоорду коомдук угууга алып чыкканда айтылган.

"Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга салык боюнча берилген жеңилдиктер терс таасирин тийгизет. Мындан улам 2018-жылы мамлекеттик бюджет 19 миллиард 813 миллион сомдук жоготууга учураган. Бул — ИДПнын 3,6 пайызы. 2017-жылга салыштырмалуу былтыр чогулбай калган салыктын өлчөмү 440 миллион сомго көбөйгөн", — дешти кызматтан.

Кайсы жеңилдиктерден улам акча түшпөй калган:

  • Айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше салыгынан бошотуу — 5 миллиард 840 миллион сом;
  • сатуудан түшкөн салыктан бошотуу — 4 миллиард 542 миллион сом;
  • финансы кызматтарынын кошумча нарк салыгынан бошотулушу — 822 миллион сом;
  • дары-дармектердин кошумча нарк салыгынан бошотулушу — 305 миллион сом.