Ишембиге карата аба ырайы

7-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Кар жаап, үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +16...+21 градус болорун термометр көрсөттү.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ошто +25...+27, Бишкекте +24...+26 градуска жетет.