Бишкектин чок ортосунда дарак унааны басып калды. Видео

Жерине "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан атайын бригада жөнөп кетти.
Sputnik

 

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда дарак унааны басып калганын күбө Twitter баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуянын кесепетинен Турусбеков менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Mazda үлгүсүндөгү унаа талкаланып калган. 

​"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева жерине атайын бригада жөнөп кеткенин билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, дарактын тамыры чирип калган.