БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Нарындагы мобилдик мектепте окуй баштаган окуучулар суук түшкөндө башка жерге которулат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.
Эске салсак, жаңы окуу жылында Кеңеш айылына контейнерден жасалган алты мобилдик үй жеткирилип, анын ачылышы өткөн. Аземге Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган аткаминерлер катышкан.
Көп өтпөй социалдык тармакка мобилдик үйдүн астында отурган беш аткаминердин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкуу жаралган.
"Убактылуу мобилдик үйдө билим алып жаткан балдар үчүн жаңы мектеп курулат. Мурдагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен, балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында мобилдик үйлөр коюлган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилде курулат", — деди Ибраева.
Ал эми жергиликтүү аткаминерлердин сынга алынышы боюнча Нарын районунун акими Семетей Черикбаев убактылуу мектептин ачылыш салтанатына түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барганы айтылды.