КР ишкерлери капиталын чет жакка алып кетип жатат. Депутаттар коңгуроо кагууда

Министрдин айтымында, Кызыл-Омпол менен Солтон-Сарыда болгон окуялар инвестициялык климатка терс таасирин тийгизип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жалпы жыйында "жергиликтүү ишкерлер капиталын чет жакка чыгарып кетип жатат" деген маалымат канчалык чындыкка туура келерин экономика министри Санжар Муканбетовдон сурады.

Өз кезегинде министр акыркы убакта ушундай абал болуп жатканын белгиледи.

"Азыр жергиликтүү ишкерлер башка мамлекетке кетип жатканы боюнча билесизби? Статистика барбы? Кыргызстандын ири ишкерлери капиталын чет жакка чыгарып жатат", — деди депутат.

Өз кезегинде Муканбетов жалпысынан акыркы айда инвестициялык климат начарлап кеткенин белгиледи.

Депутат эмнеге андай болуп жатканына кызыкты.

50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр
Министр мындай абал Кызыл-Омпол, Солтон-Сарыда болгон окуялар менен байланыштуу экенин, андан сырткары, 10-августта болгон окуялардын таасири тийип жатканын кошумчалады. Анын айтымында, бул көрүнүш өз кезегинде экономикалык абалга жана инвестициялык климатка кесепетин тийгизүүдө.

Руслан Казакбаев төрага Дастан Жумабековго кайрылып, жакынкы жыйындарда Кыргызстандагы ички жана тышкы инвестициянын абалы тууралуу маселени кароо керектигин сунуштады.

Жумабеков сунуш эске алынганын айтты.