Sputnik өзүнүн 5 жылдыгына карата "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты

Акциянын алкагында маалымат агенттиктин кабарчылары Бишкектеги сейил бакка кайың отургузушту.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 2019-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун ишке киришкенине беш жыл болду. Мунун урматына жетекчи Елена Череменина менен кабарчылар "Жашоо үчүн парк" акциясына катышты.

Алар жаңы сейил бакка беш түп кайың (ар биринин сөңгөгү 10 сантиметрден) отургузду. Көчөт тигүү жайлары боюнча "Бишкек жашыл чарба" ишканасы менен макулдашылган.

"Ушул жылы биздин агенттик беш жашка толуп отурат. Бул майрамды биз бак отургузуу менен баштайлы деп чечтик. Бул сейил бак шаардыктар менен шаар тургундарынын эң сүйүктүү жайларынын бири болуп калат деп ишенебиз. Отургузулган дарактарыбыз жетилип, узак жашайт деп үмүттөнөбүз", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.

Жаңы сейил бактын жалпы аянты — 10 гектар. Ал Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан.

Тарых музейи Sputnik фото долбоорунун ажайып сүрөттөрүн белекке алды
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Беш жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуш кылат.