"Бейиштин бир бөлүгү". Азербайжан президентинин кызы Ысык-Көлгө арнап ыр жазды

Лейла Алиеванын жазган ыры анын баракчасында кызуу талкууланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кичүү кызы Лейла Ысык-Көлгө арнап ыр жазды.

Ал өзүнүн Instagram баракчасына Кыргызстан берметинин сүрөтүн жарыялап, астына ыр саптарын калтырган.

Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары
Бул пост бир күндүн ичинде 10 миңден көбүрөөк лайк алып, 400дөн ашуун комментарий жазылды.

Ыр саптары төрт куплеттен турат. Лейла Алиева Ысык-Көл жан дүйнөнү сергитип, эргүү жаратарын белгилеген. Ошондой эле көлдү караган сайын бейиштин бир бөлүгү көрүнүп турарын айткан.

Лейла Алиева 35 жашта. Ал коомдук ишмер — чоң атасынын атындагы Гейдар Алиев фондунун вице-президенти. "Баку" журналынын башкы редактору, ошондой эле БУУнун Айыл чарба жана азык түлүк уюмунун ыктыярдуу элчиси. Ырчы жана ишкер Эмин Агаларовго турмушка чыккан.