Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 4-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткендин кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Окумуштуулар сентябрдын этегинде магниттик бороон болорун эскертти
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарында +21…+26, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +23…+28 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ош калаасында күн ачык болуп, абанын температурасы +26…+28 градуска жетет.