Ошто ипотекага бериле турган көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Сүрөт

Курулушу башталган үй ипотекалык программаны ишке ашыруудан түшкөн каражатка салынып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы ипотекага бериш үчүн тогуз кабаттуу үй кура баштады. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан кабарлашты.

80 батирден турган ипотекалык үйдүн курулушуна капсула 2-сентябрда салынды. Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов мэрия тарабынан алгачкы жолу ипотекалык негизде көп кабаттуу үй курулуп жатканын айтып, экинчи көп кабаттуу үйдүн да курулушу жакынкы айларда баштала турганын билдирди.

Жеке ишканада иштегендер мамлекеттик ипотеканы кантип алат? Жол-жобосу
Курулушу башталган үй ипотекалык программаны ишке ашыруудан түшкөн каражатка салынууда.

Тактап айтканда, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдөн артып калган батирлерди ипотекага берүүдөн түшкөн каражатка курула баштады.

80 батирдин ичинен 1 бөлмөлүү 32 батир, 2 бөлмөлүү 32 батир, 3 бөлмөлүү — 16 батир болот.

Жер төлөсүнө автоунаа токтотуучу жай курулат.

Үйдүн курулушу бүткөндөн кийин батирлерди бөлүштүрүү жана берүү боюнча атайын комиссия түзүлөт.