Сокулукта турак жай өрттөнүп, үй ээси каза болду

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-cен. — Sputnik. Сокулук районунда турак жай өрттөнүп, үй ээси каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ала-Арча капчыгайындагы өрт бир суткадан кийин толугу менен өчүрүлдү
Өрт 1-сентябрда саат 16.04 чамасында башталып, саат 20.05те толугу менен өчүрүлгөн.

Маалыматка караганда, Биринчи Май айылынын Ландыш дачасында жалпы аянты 60 чарчы метр болгон үч бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 45 жаштагы үй ээси каза болгон.

Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.