Бюджетти пландоого катышкыңыз келеби? Министрлик талкууга чакырат

Иш-чара 6-сентябрда Бишкек шаарында Орозбеков көчөсү, 87 дарегинде болот.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Финансы министрлиги 2020-жылга республикалык бюджетти талкуулоо үчүн коомдук угууларды өткөрүп, ага каалоочуларды чакырат. Бул тууралуу маалымат ведомствонун сайтына жарыяланды.

Иш-чара 6-сентябрда Бишкек шаарында Орозбеков көчөсү, 87 дарегинде болот.

Мамлекеттик сатып алууга үн кошкуңуз келеби? Call-борбор ишке кирди
Талкууга кызыкдар тараптардын бардыгы катыша алат. Мындай кадамдын негизги максаты —бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоо, бюджеттик процесске жарандардын катышуусуна шарттарды түзүү болуп саналат.

Талкууда 2021-2022-жылдарга бюджет болжолунун долбоору боюнча дагы сөз болот. Катышуучулар каалаган сунуш-пикирлерин айта алат.

Каалоочулар 0312 62-53-13 (1133), 62-53-13 (1114), 62 53 13 (1117) номерлерине чалып, каттоодон өтө алат.