Асрандиевди издөөгө Ысык-Көлдүн акими, прокурору жөнөп кетти

Асрандиев табылмайынча издөө иши түнү бою жүргүзүлөрү кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө сүзүп баратып жоголгон Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөө үчүн Ысык-Көл районунун акими менен прокурору чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, Асрандиевдин тууганы 31-августта саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу.

Өзү буёкту байланып сүзүп бараткан.

Асрандиев табылмайынча издөө иши түнү бою жүрөрү кабарланды.

"Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпы ӨКМден 17 куткаруучу, “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары, Ысык-Көл районунун акими, прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгып кетишти", — деп айтылат маалыматта.

Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткен. Башкача айтканда, ал Ысык-Көлдүн түндүгүнөн түштүк тарабына сүзүп өтүүгө белсенген.