Бишкекте өткөн кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Сынакка көп жылдан бери кош байге коюлуп келет. Тагыраагы, бир орунга казак жана кыргыз акынынан эки адам ээ болот.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып уюштурулган XIII эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусу Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Айтыш 30-31-август күндөрү филармонияда өткөн. Анын тандоо туруна 46 акын, сынакка 16 өнөрпоз катышкан.

Белгилей кетсек, айтышка көп жылдан бери кош байге коюлуп келет, тагыраагы, бир орунга казак жана кыргыз акынынан эки адам ээ болот.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • Баш байге —Жеңишбек Жумакадыр жана Айнур Турсунбаева;
  • I орун — Асылбек Маратов жана Жандарбек Булгаков;
  • II орун — Азамат Болгонбаев жана Мухтар Ниязов;
  • III орун — Эламан Келдибеков жана Балгынбек Имаш.
  • Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык
  • Мухтар Ниязов.
  • Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлык
  • Балгынбек Имаш.
  • Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык
  • Азамат Болгонбаев.
  • Бексултан Жакиев атындагы сыйлык
  • Эламан Келдибеков.

Байге фондусу 2 миллион сомду түздү.