Сейрек сүрөттөр! Белгилүү саясатчылар окуучу кезинде кандай эле

Sputnik

Сүрөт түрмөктө өлкө башчыдан тарта министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана элчи бар.

Ал эми былтыркы сүрөт топтомго кайсы таанымал адамдар киргенин шилтеме аркылуу көрүңүз.

 

1 / 11
Өлкөнүн биринчи адамы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылындагы мектепте окуган.
2 / 11
Ошол кезде эле чыкыйта костюмду кийип... Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган.
3 / 11
Кыргызстандын Россия жана Армениядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Украинанын Харьков шаарындагы мектепте 3-класста окуп жүргөн кези. Окууну кийинчерээк Фрунзеден бүткөн.
4 / 11
Болочок министр. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин башкарган Эркинбек Чодуев Оштогу мектеп-интернатта окуп жүргөн учуру. Сүрөттө солдо биринчи катарда турат.
5 / 11
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Талас районундагы "Манас" лицейинде 8-класста окуп жүргөн кези. Сүрөттө ортодо ээгин таянып турган бала.
6 / 11
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Фрунзедеги №10 мектепте 3-класста окуп жүргөн учуру.
7 / 11
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Бишкектеги №64 мектепти аяктаган. Сүрөттө 6-класс кези.
8 / 11
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Жумгалдагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектепте окуган. Сүрөттө 3-класстагы кези.
9 / 11
Парламенттеги активдүү депутаттардын бири Элвира Сурабалдиеванын 11-класстагы учуру. Ал Бишкектеги №5 мектепте билим алган.
10 / 11
Жерде отуруп түшкөн бүтүрүүчүлөрдүн арасында оңго карай экинчиде отурган, бир колуна саат, экинчи колуна браслет тагынган жигит Тазабек Икрамов. Жогорку Кеңештин депутаты Сузак районундагы №31 Чанаков атындагы орто мектепти аяктаган.
11 / 11
"Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Айнура Аскарованын мектеп босогосун аттаган учуру. Ал Чүй облусундагы Өмүралы Исаев атындагы орто мектепти бүтүргөн.