Эркин Асрандиев кайсы жерде жоголгон? Болжолдуу карта

Асрандиев Тору-Айгыр айылы менен Кара-Талаа айылынын ортосундагы аймактан жоголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө сүзүп баратып жоголгон Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиевди издөө улантылууда.

Туугандары ал Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткенин айтууда.

Асрандиев болжолдуу түрдө төмөндөгү картада көрсөтүлгөн аймактан изделүүдө.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн сегиз куткаруучу жана эки суучул тартылган

Асрандиевдин туугандары саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Ал эми Асрандиев буёкту байланып сүзүп бараткан.