Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Министрди колдоо баракчасы ушул жылдын 16-августунан тарта иштеп баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Instagram тармагында ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди колдоо иретинде @za_zhunushalieva деп ачылган аккаунт жоголуп кетти.

Ал баракчага биринчи сүрөт ушул жылдын 16-августунда жүктөлгөн. Жунушалиевдин алты сүрөтү жарыяланып, бирок катталган адамдардын саны 76,9 миң болчу. Министрди колдогон баракча ошол кездеги орун басары Курсан Асановду көпчүлүк "Кой-Таш окуясынын баатыры" катары сыпаттап, ал кызматтан алынгандан кийин пайда болгон.

Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Бул аккаунтка министрдин сүрөттөрү жарыяланганда көпчүлүк баракчага кантип катталып калгандыгына түшүнбөй комментарий жазышкан. Айрымдар бул аккаунт мурда кыз-келиндердин кийимин саткан @st__collection дүкөнү экенин айтышкан. 

Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Бүгүн, 30-августта, Instagram колдонуучулары Жунушалиевди колдогон аккаунт көздөн кайым болгонун байкашкан. Көп өтпөй эле 4300дөн ашыгыраак катталуучусу менен дагы бир @za_zunushalieva деген баракча пайда болду. 

Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Мындан сырткары, окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине Жунушалиевди колдогон аккаунт кайра @st__collection деп өзгөртүлгөнүн айтышты. Министрди колдогон аккаунтту издегенде @st__collection баракчасы чыгып, анын астынан "За Кашкара Джунушалиева" деген фразаны көрүүгө болот. 

Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Мындан улам @st__collection баракчасынын ээси менен байланыштык, ал мурдараак аккаунтун сатканын ырастап, кимге бергенин айтуудан баш тартты. Ошондой эле ал аты-жөнүн жарыялабоону өтүндү. 

Кабарчы сүйлөшкөндөн кийин бир заматта 4,3 миң катталуучусу бар "За Кашкар Жунушалиева" деген жабык аккаунт пайда болду. Ал эми st__collection баракчасы @wwwwwww.wwwwww_ деп өзгөртүлдү.

Жунушалиевди колдогон аккаунт акыры @wwwwwww.wwwwww_ деген баракча болуп калды. Муну төмөндөгү скринден көрүүгө болот.

Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти

Редакция бул баракчага министрдин тиешеси жар-жогун билүү үчүн ИИМдин маалымат кызматы менен байланышууга аракет кылды. Министрликтен бул боюнча маалымат кызматтын жетекчиси Бакыт Сеитовго кайрылууну сунушташты. Бирок аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болбой жатат.