Өмүрбек Бабанов УКМКга күлүп-жайнап кирип кетти. Сүрөт, видео

Экс-депутат буга чейин эки ирет УКМКга сурак берип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн, 30-августта, үчүнчү ирет УКМКга сурак бергени кирип кетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Саясатчы буга чейин эки ирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан суракка алынган. Биринчисинде тергөөчүлөр Бабановду Он-Адыр маселеси боюнча күбө катары чакырса, экинчисинде Он-Адырдан башка дагы маселелер боюнча көрсөтмө алган. Бирок ал эмне маселе экени ачыкталган эмес. 

Өмүрбек Бабанов УКМКга күлүп-жайнап кирип кетти. Сүрөт, видео

Бабанов буга чейин "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКсына байланышкан иш боюнча дагы Финполго бир нече ирет сурак берип чыккан.

Бабанов суралып жаткан маалда ЖКККББ айдоочусун айыпка жыгып кетти. Сүрөт
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен кайра баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта, Бишкекке келип, тарапташтары тосуп алган. Ал эми УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.