БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыяланганын Башкы прокуратура билдирди.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Мухаммед-Али ал буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына бермек.
"27-август күнү жогоруда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алини сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
Ушу тапта тергөө иштери уланып, кылмышка тиешеси бар делгендерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.
Кой-Таш окуясы
7-августта УКМК Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.
Курсан Асановдун иши
Пакет чуусу
Асанов Атамбаевден алды делген баштык боюнча буга чейин Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева да, Асановдун адвокаты да түшүндүрмө берген. Алардын айтымында, ал пакетте Атамбаевге тиешелүү турак жайдын документтери бар болчу.