Сапар Исаков ооруканадан кайра тергөө абагына которулду

Мурунку өкмөт башчы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө 12 күн мурун түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ооруканада дарыланып жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына которулганын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Белгилей кетсек, Исаков Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө 16-август күнү түшкөн. Ага вертебралдык-базелярдык артерия системасынын оорусу (моюн кан тамырларынын кысылышы баш айланууга, ооруга алып келет) жана моюн омурткасы туштагы остеохондроз диагнозу коюлган. Бир нече күндөн кийин дарыгерлер Исаковдун абалын канааттандырарлык деп табышкан.

"Сапар Исаковдун абалы мурункудай эле оор экенине карабай аны кайра тергөө абагына которушту. Медициналык корутундунун атайын кызматтардан канчалык көз каранды экенин ушундан билүүгө болот. Дал ушул кызматтардын басымы менен оорулуу адамдар "сакайып", ден соолугу жакшылар "оорулуу" болуп калышат", — деп жазган Токтакунов соцтармакка.

"УКМКда жашап атпаймынбы..." Айбек Калиев соттогуларды күлкүгө салды
Сапар Исаков былтыркы жайдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ушу тапта ал бир нече мурунку жогорку кызматта тургандар менен бирге ТЭЦти модернизациялоо боюнча соттолуп жатат. Исаков жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталууда. Мындан тышкары, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде күнөөлөнүп жатканы маалым.