Мушкер Бишкектеги окуусун атайын таштап, Екатеринбург шаарында спорт менен машыгып келет. Анын максаты — дүйнө чемпиону болуу.
— Жеңиш кут болсун. Кыргызстандан көрүп аябай кубандык. Соңунда өзүңүздүн эмоцияңызды да жашыра алган жоксуз. Беттешке кандай даярдык көрдүңүз эле?
— Жыл башынан бери профессионалдар арасында үч беттеш өткөрдүм. Евразиянын чемпиону болушум өзүмдүн карьерамдагы эң чоң жетишкендик болду. Негизи бул титулдук беттешке катышуу мурун пландалган эмес эле. Ошондуктан бир айдай эле даярдандык. Украиналык каршылашым дүйнө жүзүндөгү жаш мушкерлердин арасында 70-орунда болсо, мен 305-орунда болчумун. Кечээ күнү ал тизмени жаңылашыптыр, мен 65-орунга чыктым.
— Бул жеңиш башталышы эле болсун. Эмнеге профессионалдык бокс менен Россияда машыгып калдыңыз?
— Буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасында жаштар, жаш өспүрүмдөр арасында ири турнир, чемпионаттарга катышып жүрдүм. 18 жашымда Москвага кетип калдым. Ал жакта профессионалдар арасында күч сынашып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп баргам. Бир эле учурда иштеп, машыгып жүрдүм, бирок өзүмө ылайыктуу жер таба албай койдум. Анан кайра Кыргызстанга келип өлкөнүн курама командасына кошулуп жакшы жыйынтык көргөзө албай, 2-3-орундарга эле илинип калып жаттым.
— Москвада иштеп жана машыгып калдым деп калдыңыз. Ал жакта эмне иш кылчу элеңиз?
— Мен Москвага жаңы барганда мигранттарга кыйын эле болчу, текшерүүлөр өтө көп эле. Ал жакта кафе-ресторандарда официант, бармен болдум. Ошол эле маалда машыгуумду да калтырган жокмун. Бир эле маалда иштеп, машыгуу кыйын экендигин байкадым. Чынын айтсам, ошол жактан кыйынчылыктарды көрүп ата-энемдин баркын билдим, мекенди сагындым. Кээде Москвада спорт сүйүүчүлөр арасында турнирлерге катышып калчумун. Россиянын жараны болбогондон кийин ири турнирлерге чыгууга мүмкүнчүлүгүм жок эле.
— Беш жылга түзүлгөн келишимде эмнелер каралган?
— Батир менен камсыздайт, Кыргызстанга учак менен барып-келгенге билет берет, тамак-аш, витаминизация, айлык, гонорар төлөйт. Бир жылда өткөрүлчү беттештерге шарт түзөт. Жаракат алып калсак дарыланууну төлөйт, медициналык камсыздандырууну эптештиришкен. Эң негизгиси спортчулар жеңиш алып келип, жакшы жыйынтыктарды көргөзүшү керек.
— Кыргызстанда мындай шарт жок болсо керек...
— Кыргызстанда спорт менен он жылдай машыгып жүрдүм. Бул убакыт аралыгында алты айдай эле 8000 сомдон стипендия алдым. Көбүнчө ата-энемдин акчасы менен жүрдүм, кээде фитнес-клубдарда машыктыруучу болуп тыйын таба калчумун. Ошого жараша жакшы жыйынтык да көргөзө алган жокмун. Анан бизде профессионалдык бокс жок. Аны менен алектенүү үчүн сөзсүз сыртка чыгуу керек. Мисалы, кезинде мушкер Орзубек Назаров Японияга, Алмазбек Раимкулов Америкага кеткен. Биз, Акжол Сулайманбек уулу экөөбүз, Россиядан баштадык.
— Чет жакта спортчуларды даярдоодо кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз? Биз эмнеден аксайт экенбиз?
— Бардыгы келип акчага такалат. Мисалы, компания мени турак жай менен камсыздаган. Машыгуу маалында салмак таштап жатканда тынчтыкты сүйүп каласың, ошондо эч ким тынчыңды албашы керек. Ал учурда кичинекей дабыштар да уйкуга таасир эте баштайт. Мага бир айда эле витаминге 15-20 миң рублдей акча кетет. Спарринг-өнөктөштөрдү чет өлкөдөн тыйын төлөп алып келишет, мен бир залда эмес, үч түрдүү залда машыгам. Андан сырткары, тамак-аш, өзүбүздүн дарыгер, укалоочубуз иштейт, чет жактан окуп келген тажрыйбалуу машыктыруучуларыбыз бар. Мына ушунун баары эле акча. Ушул нерселерди Бишкекте көргөн жокмун. Кыргызстанда союз учурундагы эле күчтүү машыктыруучулар болбосо, жаңы бокстун системасы боюнча машыктыруучулар жокко эсе. Ушундан улам атаандаштык жок, жакшы жыйынтыктар аз болуп жатат.
— Түшүнүктүү. Буюрса эми кандай пландар болуп жатат, башка өлкөлөрдү багындыруу максатыңыз барбы?