"Кыргызфильм" жаңы тасмаларын көрсөтө баштады. Орду, убакыт-сааты

Киностудияда толук метраждуу тасмалар менен бирге анимациялык фильмдер да тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудия тартып бүткөн тасмаларын эл назарына тартуулай баштады.

Маалыматка ылайык, фильмдер жыл аягына чейин көрсөтүлмөкчү.

Таланты ташкындаган сүрөтчүлөр. Чокморов менен Садыковдун таберик сүрөтү
28-августта "Ала-Тоо" кинотеатрында режиссер Шамил Жапаровдун "Эл кайда көчөт" толук метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары өтүп, азем саат 18.00дө башталат.

29-августта Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө режиссер Тынчтык Абылкасымовдун "Чек ара" тасмасы жана Каныбек Өмүркуловдун "Ороздун он уулу" аттуу анимациялык фильми тартууланат.

30-августта "Чек ара" менен "Ороздун он уулу" мультфильми "Октябрь" кинотеатрында эл сынына коюлат.