БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Абактагы Садыр Жапаров уулу Дастанга топурак салуу үчүн чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Буга чейин анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаровду убактылуу бошотуу үчүн ЖАМК жетекчилиги менен президентке кайрылган.
Маркумдун сөөгү 28-августта Ысык-Көлдө жерге берилет.
Эске салсак, жол кырсыгы 22-августта түндө саат 22.25тер чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин жанында болуп, Дастан Садыр уулу 26-августта Бишкектеги ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.
Кырсык болгон учурда мотоциклдин артында жүргүнчү кыз да отурганы маалым болгон.
Шаардык милиция мотоциклчен жаран трасса менен жогору жакты көздөй кетип баратып Toyota Matrix менен кагышканын маалымдаган. Андан ары ыргып кетип Lexus унаасын сүзгөн.