Кара-Көлдө кош бойлуу келинди учура сүзгөн айдоочу кармалды

Сегиз айлык боюнда бар келин ооруканадан көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кара-Көл шаарында кафенин жанынан кош бойлуу келинди коюп кеткен Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкекте микроавтобус менен эки унаа кагышып кетти. Күбөнүн видеосу
Буга чейин социалдык тармакка видео тараган. Анда жол четинде турган аялды катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Кырсык 24-августка караган түнү болуп, жабыркаган келин реанимацияда көз жумган. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Милициядан шектүү кырсык болгондон кийин эле кармалганын маалымдашты. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалында болгон. Учурда тергөө медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатат.