Боорго согуп, сулата чапты! Акжол Сулайманбек уулу наамын коргоп калган видео

Сулайманбек уулу атаандашын боорго согуп, андан соң бет тушка урган. Мындан улам рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокс боюнча эл аралык турнирде венесуэлалык атаандашын утуп, WBA Asia чемпиондук курун сактап калды. Бул туурасында мелдешти уюштурган RCC Boxing Promotions уюмунун ВКонтакте баракчасында жарыяланган.

Боксчунун беттештеги видеосу интернетке дагы тарады.

Мелдеш кечээ, 24-августта, Челябинск шаарында өткөн. Анда кыргызстандык боксчу венесуэлалык Мильнер Маркано менен беттешкен.

"Сулайманбек уулу биринчи раундда эле каршылашын нокдаунга кетирди. Ал эми экинчи раунддун 32-мүнөтүндө Маркону боорго согуп, нокаутка учуратты. Муну менен карьерасындагы 15-жеңишин камсыздады", — деп айтылат уюмдун баракчасында.

Акжол Сулайманбек уулу беттештен кийин комментарий берген.

"Мелдешке чейин каршылаштарым үч ирет алмашты. Акырында африкалык мушкер менен чыкмак элем, бирок баш тартып койду. Марканонун кармаштарынын видеосун көрүп, алсыз жактарын, техникасын, ыкмаларын деле караштырган жокмун. Рингге өзүмдүн ишимди аткаруу үчүн чыктым. Башында эле беттешти мөөнөтүнөн мурда камсыздайм деген план болгон", — деген спортчу.

Сүйүнчү! Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпиону болду
Эске сала кетсек, ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык спортчу Эржан Тургумбеков Евразия чемпиону болгон.

Акжол Сулайманбек уулу 2016-жылдан бери Россияда профессионалдык бокс боюнча спорттук карьерасын улантып келет. Жалпысынан 15 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. WBA Asia чемпиондук курун тагынып, аны беш жолу коргоого жетишкен.

Боксчунун спорттогу жолу жана үй-бүлөсү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган макаладан окуй аласыздар.