БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өзбекстандын сенаты ишемби күнкү жыйынында Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырып, турмушка чыгуудагы минималдык жаш куракты 17ден 18ге көбөйттү. Бул тууралуу сенаттын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин өлкөдө эркектерге 18 жашынан тарта үйлөнүүсүнө, ал эми кыздарга 17 жашынан баштап турмушка чыгуусуна уруксат берилген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев апрелде токтом чыгарып, 1-сентябрдан тарта аялдардын турмушка чыкчу минималдык курагын 18 жаш деп белгилеген.
"Сенат Үй-бүлө кодексине киргизилчү өзгөртүүлөрдү жактырды. Эми кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыга алышат", — деди парламенттин жогорку палатасынын өкүлү.
Мыйзам президентке жөнөтүлдү.
Бул көптөн бери талкууланып келе жаткан көйгөй болчу. Эксперттердин айтымында, эрте турмуш куруу билим алууга тоскоол болуп, төрөлгөн балдардын да саламаттыгы начар болот.