Рахмон менен жубайы бакчага барып мөмө-жемиш терди. Сейрек сүрөттөр

Тажикстандын президенти үй-бүлө мүчөлөрү менен бакчага барган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту. Бул туурасында Sputnik Тажикстан мамлекет башчынын маалымат кызматына таянуу менен жазды.

Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон. Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган.

Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен.

Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары
Аталган бакчанын аянты 631 гектарды түзөт. Анын 364 гектарына өрүк, 48 гектарына шабдалы, 35 гектарына алма, 5 гектарына алча тигилген. Ал эми кара өрүк менен жүзүмгө 12 жана 10 гектар жер бөлүнгөн.

Тажикстандын мамлекет башчысы андан ары бакчада жайгашкан балык багуучу үч көлмө менен таанышкан. Ошондой эле ал улуттук бакчадагы кара өрүктү жыйноого старт берген.

Бакчанын ичинде мөмө-жемиштерди сактай турчу 300 тоннага ылайык муздаткыч имарат бар. Ал мөмөлөрдү жакшы сапатта сактап, сатууга шарт түзөт.