Прокуратура Курсан Асановдун жансакчысы кайсы ишке айыпталганын билдирди

Асановдун жансакчысы болгон спецназ жоокери 23-августта убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жансакчысы кармалганын тастыктады.

Маалыматка караганда, ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу 23-август күнү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пайзылда уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп Аскер прокуратурасы тарабынан шектелип жатат.

Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда
Белгилей кетсек, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Кийин тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акча жана баалуу буюмдарын Асановго берген деген шек менен тинтүү жүргүзгөн.

Андан көп өтпөй Асановду жактап жаткан адвокат Икрамидин Айткулов "Алдамчылык" беренеси боюнча шектелип кармалган. Ал соттун чечими менен эки айга үй камагына алынды.