Ажалы жок! Октой учкан жүк ташуучу унаадан качып кутулган жигиттин видеосу

Окуя Вьетнамдын борбору Ханой шаарында болду.
Sputnik

Видео ViralHog деген аталыштагы YouTube каналына жарыяланды.

Кадрларда көрүнүп тургандай, автоунаанын жанында турган киши аны көздөй октой учуп келе жаткан жүк ташуучу машинадан качып кутулууга жетишет.

Маалыматка караганда, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.