31 миң долларга алдаган. Адвокат Икрамидин Айткуловго дагы бир айып тагылды

Жактоочу ушул бейшемби күнү Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловго алдамчылык боюнча дагы бир айып коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жактоочунун баласы Бишкек шаарынын тургунунан 31 миң доллар карыз алып, аны кайтарып бербей койгон.

Белгилей кетсек, Айткулов кечээ, 22-августта, Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын "алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды" деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон.

"2019-жылдын 24-январында Б.Т. аттуу жаран Икрамидин Айткуловдун 1987-жылы туулган баласынын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазган. Анда ал 2014-жылы апрель айында атасы Икрамидин Айткуловду дарылатуу үчүн 25 миң доллар карыз алганын айткан. Ортодо келишим түзүлгөн. Андан үч ай өткөндөн кийин бизнесин өркүндөтүүгө жумшайм деп кайра алты миң доллар сураган. Убакыт өткөндөн кийин акчасын сурап үйүнө барса бербей, атасы Икрамидин Айткулов да аралашып, баласынын карызын өз мойнуна ала турганын айткан. 2015-жылы 24-мартта доогер менен Айткулов карызды төлөөнү мойнуна алуу боюнча келишим нотариуста күбөлөндүрүлгөн. Бирок ал 31 миң долларды бүгүнкү күнгө чейин кайтарып берген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
Доогердин арызы үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берененин 2-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Айткуловдун баласы мурда дагы ушундай эле иш менен соттолгону белгилүү болгон.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ал акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.