Курсан Асановдун адвокатынын үстүнөн арыз 1 жыл мурда жазылган. ШИИБдин маалыматы

Сурактан кийин убактылуу кармоо жайына киргизилген адвокат Икрамидин Айткулов ИИМдин кызматтан кетирилген орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп келүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун үстүнөн арыз бир жыл мурда жазылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын 19-сентябрь күнү Айткулов алдоо жолу менен 5 500 долларды алып алды деген Н.Д. аттуу жаран анын үстүнөн арыз бергени айтылды.

Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
Арыз каттоого алынып, ИИМдин тергөө кызматынын иликтөөлөрүнөн кийин юридикалык баа берүү максатында Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Кийин көзөмөл органы кошумча текшерүү үчүн ишти ИИМдин тергөө кызматына кайтарып берген.

Ал эми 2019-жылдын 4-январында иш текшерүү жүргүзүп, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн Бишкек шаардык милициясына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 204-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

22-август күнү Айткуловго айыбы угузулуп, КРдин Жазыктар кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.