Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды

Айдоочу алгачкы медициналык жардам алгандан кийин кырсык болгон жерден из жашырып кеткени айтылып, ага милиция издөө жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Милиция Суусамырдагы үрөй учурган жол кырсыкка кириптер болуп качып кеткен Honda Torneo унаасынын айдоочусу Талгатбек Алтымышовду тапты. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айдоочуну укук коргоо органдары бүгүн, 21-августта, Бишкектеги кичи райондордун биринен кармашкан. Учурда ал Чүй облустук милициясына алып келинип, сотко чейинки иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Эч нерсеси калбаптыр! Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган жол кырсыктын сүрөтү
Эске сала кетсек, 18-август күнү саат 10.00дөр чамасында Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Mazda CX-7 менен Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автокөлүктөр кагышкан. Кырсыктан улам бензовоз оодарылып, эки жеңил унаа трассадан чыгып кеткен. Бензовоз менен Honda Torneo автосунун айдоочулары жабыркаган эмес. Mazda CX-7 автосунун ичиндеги төрт жаштагы наристе менен үч чоң адам көз жумган, сегиз жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк маркумдар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени белгилүү болгон.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган.

Милиция күбөлөргө таянуу менен жол кырсыгына Honda Torneo унаасынын айдоочусу, 24 жаштагы Талгатбек Алтымышов күнөөлүү экендигин айтып берген. Ал алгачкы медициналык жардам алгандан кийин из жашырып кеткен. Мындан улам милиция ага издөө жарыялаган.