Кампадан чыккан өрттөн эки адам ууланып, тез жардам алып кетти

Жеринде сегиз өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабындагы өрттөнүп жаткан кампадан ууланган эки адамды ооруканага алып кетишти. Бул туурасында Тез жардам кызматы билдирди.

Бишкекте өрттөнүп жаткан кампада эмне сакталганы белгилүү болду. Видео
Маалыматка караганда, 25-30 жаштагы эки эркек киши өрт учурунда ууланган. Аларды оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өрт болгон аймакка үч Тез жардам бригадасы чыгып кеткенин кабарлаган.

Борбор калаанын Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги Фрунзе заводунун BEKO компаниясынын тиричилик техникасы сакталган кампадан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге саат 11:23тө маалымат түшкөн. Соңку маалымат боюнча, жеринде сегиз өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.