Кампадан чыккан өрттү тепловоз жана кран менен өчүрүшүүдө. Сүрөт, видео

Тилсиз жоо менен кармашууга сегиз өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектеги Beko компаниясынын тиричилик техникасы сакталган кампадан чыккан өрттү өчүрүүгө тепловозду пайдаланышууда. Бул туурасында жеринде жүргөн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билидирди.

Кампа Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 11.23тө түшкөн. Азыркы тапта сегиз өрт өчүрүүчү унаа жалынды чектөөгө аракет кылууда.

"Кампанын жанында рельс бар экен. Өрт өчүрүчүүлөр тепловоздун цистернасындагы сууну колдонушууда", — деди кабарчы.

Ошондой эле бир автошаты колдонулуп жатат.

Кампанын тегерек четин милиция кызматкерлери кайтарууда. Жалын чектөөгө алына элек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ыкчам маалыматтарды алып тексттик трансляция жүргүзүүдө.