Депутаттын уулу аралашкан кырсык: көз жумган бир баланын ата-энеси доосунан кечти

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгынан каза тапкан бир жигиттин ата-энеси тосмо арыз жазды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болгон.

"Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Күнөөлүү тарапты аныктап бере турган техникалык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Корутундуга жараша тергөө иштери андан ары уланат. Каза болгон балдардын биринин ата-энеси доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазды", — деди маалымат катчы.

Депутаттын уулу отурган BMW Х7 унаасынын ээсимин деген киши табылды. Чоо-жайы
Окуя Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында болгон. Милициянын билдиргенине караганда, BMW Бостери тараптан Чолпон-Атаны көздөй келе жатып, артка бурулууга белсенген Lexus машинасын капталга сүзгөн. Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып көз жумган.

Ал эми BMW унаасындагы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу жаракат алган.