Бишкекте өрттөнүп жаткан кампада эмне сакталганы белгилүү болду. Видео

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге саат 11:23тө түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында "Фрунзе" заводунун BEKO компаниясынын тиричилик техникасы сакталган кампасы өрттөнүп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Күбөлөр жиберген видеодон кампанын ичинен кир жуучу машина, муздаткыч, газ плитасы сыяктуу үйгө керектелчү тиричилик техникаларын сыртка чыгарып жатканын көрүүгө болот. Ал эми имараттын үстү жагы жалындап күйүп, уюлгуган кара түтүн шаарды каптоодо.

Борбор калаанын Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге саат 11:23тө маалымат түшкөн. Соңку маалымат боюнча, жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.