Кыргызстандык таксист Пермде кырсыктаган автобустагы балдарды сактап калды. Сүрөт

Тартип сакчылар жигит жол кырсыгынын күбөсү болуп, жардамга келгенин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Пермде кыргызстандык 20 жаштагы таксист Бекзат Максатбек уулу дубалга урунган автобустун ичиндеги балдарды куткарып калды.

"Мой город — Пермь" сайтында кабарлангандай, окуя болгон жерге биринчи болуп чуркап барып, капталдагы терезесинен эки баланы сууруп чыккан. Кырсык болгон жерге башка адамдар да келип, жабырлануучуларды чыгара башташкан. Жалпы жонунан Бекзат эки чоң киши менен эки кичинекей баланы куткарып калган.

Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
Маалыматта жол кырсыгы 17-августта болгону айтылат. Окуя видеокамерага да түшүп, "Пермь онлайн" сайтына жарыяланган. Андан каршы тилкеде келе жаткан машина ашып өтүп, ал эми автобус дубалды барып сүзгөнүн көрүүгө болот.

Мында Россиянын ИИМинин Пермь крайы боюнча башкы башкармалыгы кыргызстандык айдоочунун бул аварияга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи. Тартип сакчылары ал окуянын күбөсү болуп, жардам берген алгачкы адам экенин кошумчалады.

Бекзат Пермде ата-энеси жана иниси менен жашайт. Таксист болуп эки айдан бери иштеп жүргөнү маалым болду.