Ак рояль, бет кап, гүлдөр. Бишкектеги "Театралдык" сквери оңдолууда. Сүрөт

Мэриядан сквер 30 жылдан бери ремонттоло электигин белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбордогу "Театралдык" сквери оңдолуп-түзөлүп жаткандыгын шаардык муниципалитеттен кабарлашты.

Сквер Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын каптал жагында жайгашкан. Маалыматта сквердин көрүнүшү театрды элестетип турары айтылат.

"Зеленхоз" муниципалдык ишканасы кичи архитектуралык формаларды жана музыкалык аспаптарды койду. Бишкектиктер ичи гүлгө толгон ак роялды жана алты театр бет кабын көрө алат. Ошондой эле комуз, кыл кыяк бар", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жаңы клумбага гүлдүн 20 түрү отургузулуп, айланасына бактар тигилген. "Бишкекасфальтсервис" жана "Бишкексвет" муниципиалдык ишканалары асфальттын бетин жана жарыктарды оңдоп беришкен.

Мэриядан сквер 30 жылдан бери ремонттоло электигин белгилешти.