1919-жылдын 19-августунан баштап Афганистан толук эгемендүү мамлекет болуп калды. Көз карандысыздыкка жетиш үчүн Англия менен үч ирет согушту. Улуу Британия колониалдык тарыхында биринчи жолу өзүнө көз каранды өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныганга мажбур болду. Белгилей кетчү жагдай, Афганистан менен Советтик Россия биринчилерден болуп бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган.
Кендирди кескен Гандамак келишими
Афганистан Евразияда стратегиялык жактан абдан ыңгайлуу аймакта жайгашкандыктан, 19-кылымдын башында Россия менен Улуу Британиянын ортосунда айыгышкан күрөш башталат. Бул эки державанын ортосундагы атаандашуу дүйнөлүк саясатта "Чоң оюн" деп аталды. Англиянын көп колонияларынан айырмаланып, Афганистан эч качан толугу менен Улуу Британияга караган эмес.
Мындан сырткары, 1880-жылдары Англия Индия менен Афганистандын ортосундагы "Көз карандысыз афган уруулары жашаган тилке" деп аталган чек ара чөлкөмдү толугу менен басып алганга умтулат. Бул аймакта жашаган чыгыш афган тайпалары менен Абдуррахман хан Англияга баш ийип берүүнү каалабай каршылык көрсөтүшөт. Буга карабастан, 1893-жылы ар түрдүү амалдардын аркасы менен Улуу Британиянын Индиядагы колониалдык администрациясынын жооптуу катчысы Мортимер Дюранд чыгыш афган уруулары жердеген аймакты расмий Лондонго өткөрүп берүү тууралуу келишимге Абдуррахманды кол коюуга көндүрөт. Бул келишим дүйнөлүк дипломатияда "Дюранд сызыгы" деп аталып, афган эли экиге бөлүнүп калды. Азыркы күндө да "Дюранд сызыгы" Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чечилбеген маселе бойдон калууда.
Алгачкы аракеттер
Өткөн кылымдын башында Иран, Кытай жана Түркияда бийликке каршы революциялар болот. Натыйжада бул мамлекеттерде саясий жана социалдык-экономикалык жактан өзгөрүүлөр башталат. Анын таасири менен Афганистандын элитасы, армия, интеллигенция жана көпөстөрүнүн арасында "Жаш афгандар" кыймылы жаралат. Булар Абдуррахмандын мураскору Хабибулланын залим саясатына тымызын каршы болуп, Ата Мекенин Англиядан толук көз карандысыз болушу үчүн олуттуу реформа жүргүзүүнү максат кылышкан.
Кыймылдын идеологдорунун бири - белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Махмуд бек Тарзи болгон. Ал Жакынкы Чыгышта жашап, билим алган эле. Махмуд бек Афганистанда биринчи "Серадж аль Ахбар" ("Жаңылыктардын чырагы") аттуу гезитин чыгарат. Бул басылма Афганистандын саясий турмушунда чоң роль ойноп, коомчулук аны "афган журналистикасынын атасы" деп атаган. Ошол эле убакта буларды афган падышасынын экинчи уулу ханзаада Аманулла хан колдойт. Анын үстүнө ал Тарзинин кызы Сорайяга үйлөнөт. Белгилей кетчү жагдай, "Жаш афгандар" кыймылы светтик билимдин чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган.
Уулунун колунан ажал тапкан хан
Жаңы ажонун амири
Жаш өкүмдар эки тизгин, бир чылбырды колго алары менен расмий түрдө "Афганистан эч бир башка өлкөгө баш ийбейт жана көз карандысыз мамлекет" деп жар салат. Ошол эле учурда "Жаш афгандар" кыймылынын "Аман жана афган" аттуу гезити чыга баштайт. Бул гезиттин биринчи санында өлкөдө реформалар башталат деп жарыяланган. Мындан сырткары, Аманулла хан кайнатасы Махмуд-бек Тарзини тышкы иштер министири кылып, өлкөдөгү көпчүлүк маанилүү кызматтардын жетекчилигине "Жаш афгандарды" дайындайт. Ошол эле убакта Англия падышасынын Индиядагы акимине Афганистандын толук эгемендүү мамлекет болгону тууралуу кат жөнөтөт. Андан кийин Аманулла хан кайнатасы Тарзи экөө Советтик Россиянын башчысы Владимир Ленинге достук мамиле түзүүнү өтүнүп кайрылышат.
1919-жылы 3-майда хан Британиянын карамагындагы Пешавар шаарына чабуул жасаса, эртеси, 4-майда, Англия Афганистанга расмий түрдө каршы согуш жарыялайт. Чыгыш афган тайпалары Аманулла ханды колдоп, британиялык аскерлерге каршы партизандык согуш жүргүзөт. Каршылашкан эки тарап тең айыгыша согушат. Мында Аманулла хандын элдешкис атаандашы жана анын мураскору, аскер башчы Надир хандын жылдызы жанат. Эки жак тең алсырайт. 2-июнда расмий Лондон менен Кабул согушту токтотот. Эгерде согуштук иш-аракеттер улана берсе, Индияда көтөрүлүш чыгып кетиши мүмкүн экенин түшүнүп, Англия согушту уланткысы келген эмес.
Көз карандысыз Афганистан
1919-жылы 8-августта Түндүк Индиянын Равалпинди шаарында (азыркы Пакистанда жайгашкан калаа) Улуу Британия менен Афганистан тынчтык келишимине кол коюшат. Ага ылайык, Англия мурдагы Гандамак келишиминдеги афган эмирине төлөнчү субсидияларды төлөгөнүн токтоткон. Муну менен расмий Лондон Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныганга аргасыз болгон. Алгачкы жолу Англия колониалдык тарыхында өзүнө көз каранды мамлекет менен согушта утулуп, анын шартына моюн сунуп, көз карандысыздыгын тааныганга мажбур болду эле. Бирок Аманулла хан чоң атасы Абдуррахман хан кол койгон Дюранд сызыгы тууралуу келишимге дагы бир бир ирет кол коюп берүүгө мажбур болду.
19-августта расмий Кабул өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялады.