Официант кыз келишкен дене мүчөсү менен байлыкка жетти

24 жаштагы Криссинин учурда социалдык баракчасына жазылгандардын саны 1,7 миллиондон ашты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Лондон шаарынын тургуну Крисси Сэл фитнеске болгон ышкыбоздугунун аркасы менен байыганын Daily Mail басылмасы жазды.

Бир канча жыл мурда юридикалык факультеттин студенти болгон Крисси жумасына 30 саат официант болуп иштечү. Ошол маалда аябай кыйналган студент өзүн жоошутуу үчүн башка нерселерди да издей баштаган.

"Чындыгында абдан оор күндөрдү башыман өткөрдүм. Өзүмдү жалгыз сезип, жакшы нерселерге көңүл бөлө албай калгам", — деди ал.

Ошол маалда ал фитнеске кызыгуусу артып, өзүн жакшы сезе баштаган. Ал өзүнө ыңгайлуу программа түзүп, кандай тамактануу керектигин аныктаган. Учурда анын Instagram баракчасына жазылгандардын саны 1,7 миллион кишиге жетти. Крисси өзүнүн фитнес-тиркемесин иштеп чыгып, аны сатуудан 1,5 миллион фунт (127,08 миллион сом) тапкан.