70 жыл чогуу жашаган түгөйлөр узакка түтүн булатуунун сырын ачты

Жубайлар чиркөөгө да чогуу барып, Кудайга болгон ишеним да үй-бүлөнү бекемдейт дешет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. АКШнын Оборн шаарында 70 жылга чукул убакыттан бери чогуу жашаган жубайлар узакка чейин түтүн булатуунун сырын айтып беришти. Карыялардын сөзүн Metro басылмасы жазды.

50 жаштагы Женифер Лопес сулуулугунун сырын ачты
Фрэнсис жана Розмари Клонцтор мектептен эле таанышып, 68 жыл мурун никеге турушкан. Аялдын айтымында, бир жолу апасы эки жашка окшош көйнөк сатып келген. Жубайлар ошондон тарта окшош кийим кие башташкан.

Ушул кезге чейин үй ээсине кийимди Розмари тандап берет. Жубайлар чиркөөгө да чогуу барып, Кудайга болгон ишеним да үй-бүлөнү бекемдейт дешет.

Баса, улгайып калса да жаш көрүнгөн адамдар кездешет. Алардын бири жаштыгынын сырын айтып берген.