Жети-Өгүздө манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөттөр

Үч күнгө созулган иш-чара Тосор айылында өтүп жатат.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 17-авг. — Sputnik. Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы белгиленип, Кыргызстандын аймагынан чогулган 20 манасчы кечээтен бери манас айтып жатышат.

Иш-чара 16-августта башталып, 18инде жыйынтыкталат.

Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты
Саякбай Каралаевди эскерип, белгилүү манасчылар Сапарбек Касмамбетов, Табалды Актанов, Назаркул Сейдаракманов, Абдыманап Сапаралиев, Алимбай Матов, Салимбай Турсунбаев, Таланталы Бакчиев, Рысбай Исаков, Сыргак Мырзакеримов, Камил Мамадалиев, Тилек Асанов, Өмүрбек Токтогулов, Дөөлөт Сыдыков, Асанаалы Калил уулу, Нурбек Талантбек уулу, Төлөбек Муса уулу, Улук Билашев манас айтууда.

"Саякбай манасчы" коомдук фондусу жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн аппараты тарабынан уюштурулган иш-чарага бийлик өкүлдөрүнөн президенттик аппараттын жетекчи орун басары Алмаз Кененбаев, ЖК депутаты Абылкайыр Узакбаев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев катышууда.